Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:48

Үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу жолдору талкууланат


Бүгүн Бишкекте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуунун жол-жоболорун талкууланган жолугушуу өтөт. Аны Социалдык өнүктүрүү министрлиги БУУнун Өнүктүрүү жана Аялдар программасы менен биргелешип өткөрүүдө. Жолугушууда Кыргызстандагы үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамдарды жакшыртуу маселелери каралат.

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук курч турган маселелердин бири. ИИМдин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 2162 факт катталган. Алардын 146сына кылмыш иши козголду. Бул иштердин ичинен 11 аял күйөөсүнүн ур-токмогунан улам каза болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG