Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Мамлекеттик дирекциянын ишин кароо кечеңдеп жатат


Бул маселени бүгүн парламент жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева көтөрдү. Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекцияга 9,5 млрд. сом каражат жумшалган.

- Ал каражат каякка кеткен? Ал каражатка жалпы Ош шаарын жакшылап куруп койсо болот. Үйлөрдүн сапатынын начардыгын көрүп атабыз. Биз деле көп кабаттуу үйдө турабыз. 50 жылда деле жакшына турат. Эмнеге дирекция курган үйлөр эки жылга жетпей сапаты бузулду, - деди Аманбаева.

Эл өкүлү дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету парламенттин күн тартибине кирбей жатканына нааразы болду.

Дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын депутаттык комиссия жайында түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыктарына ылайык, дирекция бөлүнгөн каражатты үнөмсүз пайдаланып, керексиз кызматтарды ачканы, курулуш эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөрдү курганы белгилүү болгон.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG