Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы жылдын бюджет долбоорун талкуулоо учурунда депутат Эсенгул Исаков көтөрдү. Ал кара тумоо илдетин алдын алууга, техникалык жабдууларга каражат бөлүүнү сунуштады.
Каржы министри Ольга Лаврованын белгилешинче, келерки жылы эпидемиялык жана эпизоотикалык абалды алдын алууга каршы каражат каралган эмес. Эгер маселе чыкса бул кошумча чечилет.
Быйыл жайында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Өспүрүмгө кара тумоо суурдан жугушу мүмкүн экени айтылган. Бул аймакка карантин жарыяланып, аймак тургундары эмдөөдөн өткөрүлгөн. (КЕ)