Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынан мазут алган өкмөттүк мекемелер, Бишкек жана Ош жылуулук борборлору 500 миллион сомдук карыздарын берише элек. Буга жана "Кыргызнефтегаз" толук ээлик кылган мунайды кайра иштетүүчү Жалал-Абаддагы заводду калтыруу талабы менен 20-декабрда митинг өтөөрүн Кочкор-Атадагы элдик коргоо комитетинин башчысы Муктар Артыкбаев бүгүн кабарлады. Митингге министрлер Т.Сариев,О. Лаврова, мамлекеттик мүлк агенттигинин башчысы А.Осмоналиев чакырылды. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Кочкор-Атада болгон кезинде өкмөт "Кыргызнефтегазга" карыздар эмес экендигин, ишканалардын бири-бирине карыздары болоо береерин айткан. (YA)