Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Бүгүн “Абайлагыла балдар!” аттуу акция өттү


Аны Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматы менен шаардагы мектеп окуучулары биргеликте өткөрдү. Аталган кызматтын маалымат катчысы Тилек Оторбаевдин “Азаттыкка” айтымында, 11 айда Бишкек шаарында эле 2 миң 600 жол кырсыгы катталган. Анын 470тейи балдардын катышуусунда болуп, он өспүрүм каза болгон. дагы 500дөйү ар кандай жараат алган. Бүгүнкү акциянын алкагында балдарга жолдо жүрүү эрежелери боюнча маалымат берилди.

Соңку кезде жол кырсыгынан каза тапкандар көп болуп жатканы, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG