Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Ноокаттагы кыйноо окуясын прокуратура текшерип жатат


Ноокатта милициянын кыйноосуна кабылды делген Каримжан Хасановдун арызын прокуратура текшерип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ноокат райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов билдирди. Териштирүүдө милициянын кыйноо аракеттери далилденсе, кызматкерлерге чара көрүлөт.

Ноокат шаарынын 38 жаштагы тургуну Каримжан Хасанов аны райондук милициянын үч кызматкери күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн 9-декабрда башына желим баштык кийгизип сабаганын, 50 миң сом акчасын алганын “Азаттыкка” билдирген болчу. Милициянын маалыматында, ал өзүнө тааныш айымды коркутуп, зордуктоого аракет кылганы айтылат. Бирок Хасанов муну мойнуна алган эмес.

Ал окуяга байланыштуу Ош облустук прокуратурасына, Башкы прокуратурага жана “Кылым шамы” укук коргоо уюмуна кайрылган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда кыйноолор боюнча 200дөн ашуун кайрылуу катталган. Укук коргоочулар кыйноо фактылары кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы учурларда көп колдонуларын билдирип келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG