Ушул сааттарда орус президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Журналисттердин Украинадагы кырдаал тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, Путин: “Орусия Украинанын Еврошаркет менен ассоциация тууралуу келишимине каршы эмес”, - деп, Москва азыр оор абалда турган Киевге “боордош өлкө катары жардам берүүгө тийиш” деп айтты.
Украин президенти Виктор Януковичтин Москвага сапары маалында Путин ага 15 млрд. доллар насыя менен катар орус газын Украинага азыркы баасынан 30% арзан сатууну сунуштаган. Анын айтымында, Москва мунун ордуна Украинадан эч нерсе сураган эмес.
Орус президентинин маалымат жыйынына 1000ден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер катышууда.