Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Коррупция боюнча 849 кылмыш иши козголду


Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул жылдын тогуз айында коррупция менен байланышкан 849 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 330дан ашууну соттун кароосуна жөнөтүлүп, 120га жакын иш убактылуу токтотулган. Мындан сырткары 44 иш кыскарып, 120дан ашууну башка тергөө органдарына жиберилген.

Жакында Transparency International эл аралык уюму Кыргызстанда коррупциянын азайбаганын билдирген. Былтыр Кыргызстан коррупциянын көрсөткүчү боюнча 177 өлкөнүн ичинен 154-орунду ээлеген. Быйыл 150-орунда, бирок былтыркыдай эле 24 балл алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG