Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Кадыров: "Де-факто" өкмөт буйругун аткарууда


Өкмөт “Де-факто” гезити аркылуу оппозицияны жаманатты кылууда. Мындай маалыматты “Азаттыкка” "Чындык" саясий партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, өкмөт “Де-факто” гезитин каржылоо үчүн “Кумтөр” компаниясы менен сүйлөшкөн.

- Анын жаңы саны 300 миң нуска менен чыгып, оппозицияны, анын ичинде мени каралаган материалды чыгартып жатат. “Кумтөр” бул акчаны бюджетке төлөсө болмок, - дейт Кадыров.

Бул маалыматты аталган гезиттин кожоюну Илим Карыпбеков четке какты. Ал “Кумтөр” жана башка компаниялар менен кызматташарын, бирок ал оппозицияны жамандоо максатын көздөбөй турганын “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, “Де-фактонун” эртеңки саны 300 миң нуска менен чыкпайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG