Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Кийинки жылдын бюджети кабыл алынды


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында 2014-жылдын бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Аны жыйынга катышкан 98 депутаттын 97си колдоду. 2014-жылдагы бюджеттин кирешеси 93 млрд. сом, чыгаша 102 млрд. сом деп эсептелди. Натыйжада кийинки жылы бюджетте тартыштык 9,4 миллиард сомду түздү.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, кийинки жылдын бюджетинде социалдык багытка басым жасалды. Бул багытта каралган каражат быйыл жалпы каржынын 45,7 пайызын түзсө, 2014-жылы 52,6 пайызга жетери болжолдонууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG