Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

"Ал-Каидага" жакын топтор Сирияда кыйноолорду колдонууда


“Эл аралык мунапыс” кору Сирияда “Ал-Каида” менен байланыштагы козголоңчу топтор кыйноолорду, өз алдынча өлүм жазасын колдонуп жатышканын билдирди. Бүгүнкү баяндамасында Amnesty International уюму козголоңчу топтор Алеппо жана Ал-Ракка провинцияларында жети жашыруун түрмөнү иштетишээрин, аларда адамдарды кыйноо, ур-токмокко алуу, өз алдынча өлтүрүүнү кеңири колдонуп жатканын айтат. Бул түрмөлөрдө чоңдор менен кошо сегиз жаштагы балдар да кездешээри жазылган. Ошондуктан “Эл аралык мунапыс” кору дүйнөлүк коомчулукту түрдүү согуш кылмыштарына аралашкан козголоңчу топторго курал-жарак бербөөгө үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG