Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:12

Баткен: Ак-Сайдагы жол ачыла элек


Баткендеги Ак-Сай айылындагы чек арадагы тирештен соң жабылган жолдор ачыла элек. Бул тууралуу учурда Баткенде жүргөн вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Мамытовдун айтымында, ал кечээ Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Анда аксайлыктар Баткенге жетиш үчүн Тажикстандын айылын аралабай, аны айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун талап кылып, ага чейин Ворухка кетчү жолду ачпай тургандыгын айтышкан:

- Мен кечээ Тажикстандын өкүлдөрү менен жолуктум. Анда Ворухтун ичиндеги жолду ачууну талап кылдым. Алар бүгүн өз тарабы менен сүйлөшүп, жолду ачууга убадасын берди. Андан соң гана биз Ак-Сайдын ичиндеги жолду ачууга аракет кылабыз. Бүгүн эл менен жолугушууларды улантып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз- деди Мамытов.

Ал эми Көк-Таш айлынын тургундары вице-премьер-министр менен жолуккан соң айыл кире беришинде тосулган жолду ачып, тарап кетишкен.

Ак-Сайда коңшулаш Тажикстандын жарандары менен чыр 17-декабрдын түнү аксайлык тургундун чайханасы өрттөлгөндөн кийин башталган. Айыл тургундары чайханага тажик жарандары от койду деп шектенип, Ворухка кирчү жолго шагыл төгүп, жолду жаап салышкан.(BkA)
XS
SM
MD
LG