Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантууда


Депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып, ачкачылык жарыялагандардын арасынан абалы начарлаган 6 адам дарыгерге кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди.

Оштогу борбордук аянтка тигилген үч боз үйдө акция уланууда. Учурда ал жерде ачкачылык кармаган 12 аял жана 5 эркек бар. Акция катышуучуларынын үчөө  келиндер, калганы улгайган кишилер. Алар менен буга чейин Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" партиясынын депутаттары жана Ош шаардык мэриясынын жетекчилери жолуккан.

Акция 11-декабрда башталган. Ачкачылыкка чыккандар Алай, Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунан келген.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, УКМКнын тергөө абагына 20-ноябрда камалган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG