Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Ак-Сайда сүйлөшүүлөр уланып жатат


Кыргыз-тажик чек арасындагы жабылган жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда Баткенде жүргөн вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Жолду эки тарабынан – кыргызстандык жана тажикстандык жарандар шагыл менен бууп коюшкан. Мамытовдун айтымында, тажик тараптын тургундары Ворухка кетчү жолду ачса гана аксайлыктар шагылды алып саларын билдирип атышат. Жолдон медициналык жардамга муктаждар өткөрүлүүдө.

Токон Мамытов 19-декабрда Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Анда аксайлыктар Баткенге жетиш үчүн Тажикстандын айылын аралабай, аны айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушун талап кылып, ага чейин Ворухка кетчү жолду ачпай тургандыгын айтышкан болчу.

Ал эми Көк-Таш айлынын тургундары вице-премьер-министр менен жолуккандан соң айылдын кире беришиндеги тосулган жолду ачып, тарап кетишкен. Аталган айыл тургундары да Ак-Сайдагы абалдан соң тажик айылдарына алып барчу жолду бууп салышкан эле.

Ак-Сайда коңшулаш Тажикстандын жарандары менен чыр 17-декабрдын түнү аксайлык тургундун чайханасы өрттөлгөндөн кийин башталган. Айыл тургундары чайханага тажик жарандары от койду деп шектенип, Ворухка кирчү жолго шагыл төгүп, жаап салышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда аймакта абал стабилдүү. (SE)

XS
SM
MD
LG