Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Бишкектен Ошко арзан авиакаттам уча баштады


Алгачкы каттам бүгүн таңкы саат 6:11де учуп кетти. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Өлкөнүн эки ири шаарын бириктирген эки кошумча күнүмдүк аба каттамды "Пегасус" авиаишканасы аткарат. Жол кире баасы бир тарапка 800 сомдон жогору экендигин "Кыргыз Концепт" компаниясы кабарлады.

Жаңы каттамдар күнүнө эки маал, эртең менен жана кечинде “Боинг–737” учагы менен аткарылат.

Учурда борбор шаардан түштүк калаасына жумасына 86 каттам учат. Бул сан жайкы аэронавигациялык мезгилге салыштырмалуу 37 рейске көп. Бишкек – Ош – Бишкек багытын алты авиаишкана тейлейт.

"Пегасустан" башка бул багытты "Эйр Кыргызстан", "Авиа Траффик Компани", "Скай Бишкек", "Эйр Бишкек" жана "Тез Жет" авиаишканалары тейлейт. (BAz)

XS
SM
MD
LG