Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

ВИЧ илдеттүү балдарга майрамдык белек берилет


Ошто ВИЧ илдети менен ооруган балдарга жаңы жылдык белек даярдоо өнөктүгү башталды.  Аны “Рейнбоу” коомдук фонду уюштурууда.

Аталган уюмдан билдиришкендей, быйыл Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы 6-9 жаштагы 70 балага белек берүү пландалып жатат. Өнөктүккө катышууну каалагандар каражат же даяр белекти фонддун кеңсесине алып келе алат.

“Рейнбоу” коомдук фонду ВИЧ илдеттүү балдарга жана алардын ата-энелерине 2007-жылдан бери түрдүү жардамдарды уюштуруп келет.

Облуста азыр бул ооруга чалдыккан 300дөн ашуун бала бар. Алардын басымдуусу дартты ооруканаларда жуктуруп алган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG