Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу сакталат


Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 23-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Синоптиктердин билдиришинче, 21-декабрда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, түндүк тарабында -6...-11, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Баткен облусунда -3…-8, күндүз -2…+3,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, чыгыш тарабында -7...-12, күндүз -3…+2,
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8,
Тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -15…-20 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -4…-6, күндүз 0...-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG