Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү президентке кайрылуу жолдоду


Байкоочу кеңештердин мүчөлөрү бүгүн “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады.

Алар кеңештерди тандоочу комиссиялардын мүчөлөрүн өкмөт менен кошо жарандык коомдук өкүлдөрү да сунуштасын деп жатышат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорду кабыл алган. Бирок президент мыйзамдагы айрым беренелерге каршы пикирин билдирип, артка кайтарган. Байкоочу Кеңеш мүчөлөрү президенттин мыйзам долбоорду артка кайтаруусуна каршы чыгып жатат. Алардын пикиринде, президент каршы болгон беренелер өзгөртүлсө, Байкоочу кеңештердин эркин иштешине тоскоолдук жаралат. Алар ушул өңүттөгү кайрылууну президентке жолдошту.

Мамлекеттик органдардын Байкоочу кеңештерин түзүү демилгеси Апрель окуясынан кийин көтөрүлүп, 2010-жылдын октябрь айынан тарта иштей баштаган.(AzK\SE)

XS
SM
MD
LG