Turkvizion-2013 ыр сынагына Кыргызстанда барган “Чоро” тобу финалга өттү. Сынактын жарым финалы 19-декабрда Түркиянын Эскишехир шаарында болду. Ага түрдүү мамлекеттерден келген 24 ырчы катышып, 12си финалга өттү.
21-декабрда болчу финалда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү күч сынашат. Жеңүүчүгө 20 миң евро берилет. Азырынча “Чоро” тобу калыстардын баалоосу менен 9-орунда келатат.
“Чоро” тобу сынакка баруу жолдомосун Бишкекте өткөн тандоо концертинде жеңип алган. Сынактын негизги уюштуруучусу - Түркия мамлекети. (SE)