Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Михаил Ходорковский түрмөдөн бошотулду


Сүрөттө: М.Ходорковский үч жыл мурда Москвада өткөн сот учурунда.
Сүрөттө: М.Ходорковский үч жыл мурда Москвада өткөн сот учурунда.
Ходорковский Орусиянын түндүк-батышындагы Карелия регионундагы түрмөдөн чыгарылганын анын адвокаты кабарлады, түрмөнүн жетекчилиги да муну тастыктады. Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин түрмөдө 10 жылдан ашуун мезгилден бери жаткан ишкер Михаил Ходорковскийди "ырайым менен түрмөдөн чыгаруу" жөнүндө жардыкка кол койгону белгилүү болгон.

ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский "көз боёмочулук, салык төлөөдөн качкан, арам акчаны адалдаштырган" деген айыптар боюнча эки ирет соттолгон. Ишкер өзү бул айыптарды эч качан моюнга алган эмес жана өзүнө каршы кылмыш иштерди "саясий себептер" менен түшүндүрүп келген.

XS
SM
MD
LG