Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Талиева ВИЧ менен күрөштү сындады


Вице-премьер-министр Камила Талиева Кыргызстанда ВИЧ илдетине каршы күрөш жандуу жүрбөй жатканын сындады. Талиева ВИЧ илдеттүүлөрдүн көбөйүп жатканын профилактикалык иштер начар экенине байланыштырды жана СПИД борборлоруна жумушту жандантуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Талиева бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде өткөн жыйында айтты.

СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө ВИЧ менен ооругандардын саны 5060ка жетти. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Оорулуулардын 70 пайызга жакыны 20дан 39 жашка чейинкилер. (SE)

XS
SM
MD
LG