Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Лондондогу театрда кыргыз жарандары жабыркаган жок


"Аполло" театры. Шафтбери авеню көчөсү, Вест-Энд, Лондон, 19-декабрь 2013-ж.
"Аполло" театры. Шафтбери авеню көчөсү, Вест-Энд, Лондон, 19-декабрь 2013-ж.
Британиянын борбору Лондондо театрлар орун алган атактуу Вест-Энддеги "Аполло" театрында бейшемби күнү кечинде шыбы түшүп кеткен. Кезектеги спектакль жүрүп жаткан учурда болгон кырсыкта, компетенттүү булактардан алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, апаатта Кыргызстандын жарандары жабыр тарткан жок. Кырсык англис жазуучусу Саймон Стивенстин "Иттин түнүчүндө табышмактуу жоруктары" спекталынын 40-мүнөтүндө жергиликтүү убакыт боюнча 20:15те болгон. Шып кулаган маалда театрда 720 көрүүчү болгон.

Лондондун куткаруу кызматы маалымдагандай, 60тан ашык адам жабыркаган. Алардын бешөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Атактуу "Аполло" театры 775 көрүүчүгө ылайыкташтырылып 1901-жылы ачылган. Учурда полиция кырсыктын себептерин аныктап жатат. (BAz)

XS
SM
MD
LG