Ак-Сайда ушул мүнөттөрдө Тажикстандын Ворух анклавы менен кесилишкен жердеги үч күндөн бери жабык турган жол ачылууда. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров "Бүгүн эртеден бери вице-премьер-министр Токон Мамытов чек аралаш аймактардын тургундары менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ушул тапта Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдогу төгүлгөн шагыл тазаланып, жол ачыла баштады. Нааразылыкка чыккандар бийликтин жол куруу боюнча убадасына макул болуп, тосулган жолду ачууга уруксат беришти" - деп билдирди.
Жергиликтүү тургундар кечээ вице-премьер-министр Токон Мамытов жана өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Раззаков менен жолукканда курулушу токтоп калган айланма жолду салууну улантууну талап кылып, иш башталганда гана жол ачылаарын айтышкан. Мамытов бул талапты Согди облусунун жетекчилиги менен сүйлөшкөндө билдирген. Бирок азырынча Тажикстан тараптын расмий жообу белгисиз.
17-декабрдын түнүндө Ак-Сай айылынын тургунунун чайханасы өрттөлгөндөн кийин коңшулаш Тажикстандын жарандары менен тирешүү башталган.