Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Ходорковский түрмөдөн чыгаары менен Германияга учуп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Михаил Ходорковский отурган колониянын жанына конуп, ага эркиндикке чыккан Ходорковский түшүп кетти. Сегежа шаары, Карелия, 20-декабрь, 2013-жыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Михаил Ходорковский отурган колониянын жанына конуп, ага эркиндикке чыккан Ходорковский түшүп кетти. Сегежа шаары, Карелия, 20-декабрь, 2013-жыл.
Орусиянын жаза аткаруу кызматынан билдиришкендей, бүгүн президент Владимир Путиндин кечирими менен түрмөдөн чыккан Михаил Ходорковский Германияга учуп кетти. 10 жылдан ашуун абакта отурган ишкер, ЮКОСтун мурдагы башчысы Михаил Ходорковский Кремлдин сынчысы катары таанылган. Өзүнө тагылган “салыктан качкан, көз боемочулук кылган” деген айыптарды ал “саясий себептер” менен түшүндүргөн.

Путин Ходорковскийге ырайым берилээри тууралуу күтүүсүздөн эле кечээ жылдык пресс-конференциясы өткөндөн кийин жарыялаган эле. Орус президенти түрмөдөгү ишкер “апасы ооруп жатканына байланыштуу аны түрмөдөн бошотууну суранып” кат жазганын айткан. Марина Ходорковская Германияда дарыланып жатканы кабарланды.

50 жаштагы Ходорковский 2003-жылы камалган жана эки ирет соттолгон. Анын жаза мөөнөтү 2014-жылы августта бүтмөк.

XS
SM
MD
LG