Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Баткен: Исфара-Ворух жолу толугу менен ачылды


Баткендин Ак-Сай айылында кечээ кечинде Ворух анклавы менен кесилишкен жердеги үч күндөн бери жабык турган жол ачылды. Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун кабарлашынча, жума күнү вице-премьер-министр Токон Мамытов аталган айылдын тургундары менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Ворухка кетчү жолдогу шагыл тазаланды. Учурда эки өлкө тургундары тоскоолдуксуз өтүп жатышат.

Ошондой эле жергиликтүү тургундардын талабына ылайык, Ворухту айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш айланма жолунун курулушу жакынкы күндөрү башталмай болду. Баткен районунун акими Сейитмурат Калыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда жолду курууга керектүү техникалар жеткирилүүдө.

17-декабрдын түнүндө Ак-Сай айылынын тургунунун чайханасы өрттөлгөндөн кийин коңшулаш Тажикстандын жарандары менен тирешүү башталган. Мунун айынан эки өлкө тургундары Исфара-Ворух жолун эки жеринен бууп салышкан эле.(BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG