Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Баткенде айланма жолдун курулушу башталууда


Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундарын облус борбору менен туташтырчу Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу башталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Анын айтымында, учурда жолду салууга керектүү техникалар жеткирилип жатат. Бул жол салынып бүтсө, аксайлыктар Тажикстандын Ворух анклавын аралабай, айланып, облус борборуна барууга мүмкүнчүлүк алат.

17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклаванын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп салышкан. Алар бийликтерден дал ушул айланма жолдун курулушун баштоону талап кылган. Аксайлыктар менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, бул талап аткарылаарын айткан соң гана кечээ кечинде жол ачылды. (BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG