Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантууда


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди. Анын айтымында, борбордук аянтка тигилген үч боз үйдө 21 адам ачкачылык кармап жатат. Алар Келдибеков үй камагына бошотулмайын акцияны уланта берээрин билдиришүүдө.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. Алайдагы тарапкерлери Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолун бууган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG