Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Президент энергетиктерди куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев энергетика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Өз куттуктоосунда президент энергетика өлкө экономикасынын негизги тармагы экенин эске салып, бул тармакты мындан ары өнүктүрүү керек экенин белгилеген.

22-декабрь - Энергетика кызматкерлеринин күнү. Кыргызстанда бул тармак 1917-жылдан кийин пайда болгон. 1923-жылы биринчи жолу көчөлөргө жарык берилген. 1930-жылы үйлөр электр жарыгын алган.

Кыргызстандын энергетика тармагы негизинен гидроэнергетикадан турат. Өлкөдө 17 ГЭС жана 2 энергетикалык жылытуу борбору иштейт. Ушул жылдан тарта Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG