Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Таш-Көмүрдө куткаруучулар батирлүү болду


Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 2-издөө-куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери үчүн 19 батирлүү жатакана бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Куткаруучуларга батирлерди тапшыруу аземине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты. Анда ал куткаруучуларды жаңы конуштары менен куттуктап, кызматкерлерди үй менен камсыз кылуу аракеттери мындан ары да уланарын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Чүй облусунун Садовое айылында куткаруучулар үчүн 18 батирлүү жана Ош шаарынын Жапалак айылында 6 батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатат. (YA\BkA)

XS
SM
MD
LG