Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Түркияда эки министрдин баласы, банк башчысы камалды


Алар буга чейин кылмышка шектүү катары кармалышкан эле. Коррупция боюнча кеңири масштабдагы иликтөөнүн алкагында жалпысынан он алты киши камакка алынды. Алардын арасында ички иштер жана экономика министрлеринин балдары, мамлекеттик “Халк банктын” башчысы бар. Ушул аптада тутанган жаңжал Түркияны жаңы саясий кризиске кептечүдей.

Өкмөт иликтөөнү президенттик жана жергиликтүү шайлоо алдында коомдук пикирди өзгөртүүгө багытталган саясий жүйөсү бар иш катары сыпаттоодо.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган иликтөөгө жооп кылып 19-20-декабрда полициянын бир нече чиновнигин иштен алды. Иликтөө Түркия менен Иран ортосундагы мунай-газ соодасындагы паракорчулук, көз боёмочулук менен байланыштуу.

Маалыматтарга караганда, Иранга каршы эл аралык санкциялар бул өлкөгө түстүү металл экспорттоого тыюу салганы менен Түркия Ирандан алынган мунай-газдын акысын жашыруун түрдө Дубай аркылуу алтын менен төлөп жүргөн. ( UE)

XS
SM
MD
LG