Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

АКШ президенти Түштүк Суданды эскертти


Барак Обама эскертүүнү Түштүк Суданда АКШнын жаңжал чыккан аймактан америкалыктарды эвакуациялоо миссиясы менен жүргөн аскерий учактар аткыланып, төрт америкалык аскер жаракат алган соң жасады.

АКШ президентинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Түштүк Судандагы топтордун бийликти аскер күчү менен ээлөө аракеттери эл аралык коомчулуктун жана Кошмо Штаттардын бул өлкөнү колдоону токтотууга алып барат.

АКШ армиясынын билдиргенине караганда, алардын үч учагы козголоңчулар колундагы Бор деген жерге америкалыктарды эвакуациялоо үчүн барган кезде аткыланган. Бирок окту ким чыгарганы анык эмес.

Судандан эки жыл мурда көз карандысыздык алган Түштүк Суданда акыркы кездери бийлик талаштан улам этникалык негиздеги чатак тутанды. Өкмөткө каршы чыгып жаткан козголоңчулардын башында өлкөнүн мурдагы вице-президенти турат. (UE)

XS
SM
MD
LG