Алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдешке катышып, байге алган жалалабаддык үч милиционерге облустук Ички иштер башкармалыгы акчалай сыйлык берет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алыш күрөшү боюнча маркум депутат Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеш 10-13-декабрда Бишкекте өткөн. Ага Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын атынан он эки милиция катышкан. Алардын ичинен байгелүү орундарды Чыңгыз Аканов, Руслан Табалдиев жана Руслан Садыралы уулу алган. Мелдешке Ирандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан да спортчулар катышкан.
Кыргызстанда алыш күрөшү боюнча спорттук федерацияны негиздеген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Баяман Эркинбаев 2005-жылы белгисиз адамдар тарабынын атып өлтүрүлгөн. (YA)