Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Түркияда полициянын дагы 25 башчысы кызматтан алынды


Бул тууралуу бүгүн Түркиянын маалымат агенттиктери кабарлады. Полиция чиновниктери коррупция боюнча кеңири масштабдагы иликтөөгө жооп чара катары иштен алынууда.

Өткөн аптада башталган иликтөөнүн алкагында жалпысынан 24 киши, анын ичинде эки министрдин баласы, мамлекеттик “Халк банктын” башчысы камакка алынган.

Мурдараак иликтөөнү өкмөткө каршы “ыплас операция” деп мүнөздөгөн премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган кечээ иликтөөнүн артында чет элдик кутум тураарын белгилеп, чет өлкөлүк элчилерди өлкөдөн чыгарарын эскертти. Бирок алар кайсы өлкөлөрдүн элчилери экенин ачыктаган жок.

Полициянын иликтөөсүнө жооп кылып, өкмөт жалпысынан полициянын жетмиштей чиновнигин иштен четтетти же башка кызматка которду. Иштен алынгандар арасында Стамбул шаарынын полиция башчысы да бар.

Маалыматтарга караганда, иликтөө Иранга мыйзамсыз акча которуулар жана ири курулуш долбоорлорундагы паракорчулук менен байланыштуу. Коррупция боюнча азыркы жаңжал Түркияда келерки жыл өтүүчү жергиликтүү жана президенттик шайлоо алдында тутанды. (UE)

XS
SM
MD
LG