Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Бүгүн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык сүйлөшүүсү болот


23-декабрда Бишкекте кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн чек ара боюнча комиссияларынын жолугушуусу болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди:

- Жолугушууда Ворухтун айланасы, Ак-Сай жана башка чек ара маселелери кеңири талкууланат.

Мамытовдун маалымдоосу боюнча учурда узундугу 5 чакырым болгон Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу башталды.

17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклаванын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан. Аксайлыктар менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, бул талап аткарыларын айткан соң гана жол ачылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG