Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Атамбаев Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Москвада өтүүчү Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат. Президенттик аппараттан “Азаттыкка” маалымдашкандай, жыйынга Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр: Казакстан, Орусия, Беларус менен катар Кыргызстан биримдикке Байкоочу өлкө макамында катышат.

Айрым маалыматтар боюнча, Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибине Кыргызстандын жана Армениянын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселе коюлган.

16-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктары сакталганда гана кирерин билдирген.(ZKo)
XS
SM
MD
LG