Apple технологиялык компаниясы Кытайдын чөнтөк телефондор рыногундагы эң ири China Mobile компаниясы менен келишим түздү. Аталган компания Кытайда мамлекеттик ишкана болуп эсептелет жана 760 миллиондон ашуун кардары бар.
Apple ишканасынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, Кытайда iPhone январь айынын ортосунан тартып сатыкка чыгат. Азырынча келишимдин каржылык жагы ачык айтыла элек. Америкалык компаниянын смартфондору Кытайдагы смартфон базарын ээлеп келген Lenovo, ZTE жана Huawei компаниялары менен атаандашмакчы.