Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Орусиянын "кара тизмесине" оорукчан мигранттар да кирүүдө


Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесине" оорукчан мигранттар да киргизилүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Бактыбек Үмөтов билдирди.

Быйылтан тарта Орусияда миграция мыйзамдарын бузган мигранттар атайын "кара тизмеге" илинип, өлкө ичине кирүү укугунан убактылуу ажыратыла баштады. Эми бул тизмеге түрдүү жугуштуу ооруга чалдыккандар да кирүүдө.

Расмий маалымат боюнча, учурда Орусияда 580 миң кыргызстандык жаран эмгек мигранты болуп жүрөт. Бирок мигранттардын өзүлөрүнүн айтымында, алардын саны 1 миллиондон ашты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG