Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Египетте Мубаракты кулатууга катышкан 3 киши соттолду


Египет соту 2011-жылкы көтөрүлүштүн активдүү үч катышуучусун 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Элдик чыгуулардын натыйжасында өлкөнү 30 жылдай башкарган Хосни Мубарак бийликтен кеткен.

Ахмед Махер, Ахмед Дума жана Мухамед Адел үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында уруксат берилбеген нааразылык акциясын өткөргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды. Аларга ошондой эле полицияга кол көтөргөн деген айып коюлду.

Бул - президент Мухаммед Мурси аскерлер тарабынан кулатылгандан кийин исламчыл эмес активисттерге чыгарылган биринчи өкүм.

Үч айыпкер тең Мубарактын тушунда белгилүү диссидент болчу. Бирок ушул жайда Мурсинин кулатылышын колдошкон. Алар Мурси 2011-жылкы ыңкылаптын идеалдарына чыккынчылык кылды деп ырастап келишкен.

XS
SM
MD
LG