Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Обама: Түштүк Суданга кошумча аскерлер жиберилиши мүмкүн


АКШ президенти Барак Обама Түштүк Судандагы америкалык жарандарды коргоо үчүн кошумча аскерий операция жүргүзүү ыктымалдыгы тууралуу эскертти.

Дүйнөдөгү эң жаш мамлекетте жарандык согуш тутанып кетет деген коркунуч күч алды.

Конгресске жолдогон катында Обама америкалыктарды эвакуациялоого жардам берүү үчүн 46дай аскер жайгаштырылганын, дагы ошончо аскер борбор шаар Жубадагы АКШ элчилигин кайтарууга тартылганын белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, салгылашуулар жүрүп жаткан Түштүк Судандан азыркыга чейин америкалык жана чет өлкөлүк 680 жаран эвакуацияланды. Өткөн аптада эле уруштардан кеминде 500 киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG