Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Армения парламенти Орусия менен газ келишимин жактырды


Армения парламенти Ереван менен Москва ортосундагы газ келишимин ратификациялады. Оппозициядагы депутаттар добуш берүүгө катышуудан баш тартышканы менен, көпчүлүктү түзгөн бийликтеги Демократиялык партиянын өкүлдөрү документке колдоосун билдиришти.

Келишимдин ратификациясына каршы болгон жүздөгөн киши парламент имаратынын алдында митинг өткөрдү. Ай башында жетишилген макулдашууда Орусиянын "Газпром" ишканасы эки өлкө түзгөн "АрмРосгазпром" биргелешкен ишканасынын калган 20 процент акцияларын сатып алат деп көрсөтүлгөн.

"Газпром" ошондой эле 2043-жылга чейин Арменияга газ импортун толугу менен өз көзөмөлүнө алат. Армения президенти Серж Саркисян дүйшөмбүдө Бажы биримдигинин аткаруучу органы - Евразия экономикалык кеңешинин Москвадагы жыйынына аттанууда. Сентябрда президент Еревандын биримдикке кошулуу ниетин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG