Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусия менен газ тармагындагы кызматташтык боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Келишим өзү быйыл июл айында кабыл алынган болчу. Ага ылайык, орусиялык "Газпром" ишканасы "Кыргызгазды" 1 долларга сатып алып, Кыргызстанды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу үчүн 655 миллион доллар бөлүп бермекчи. (RK)