Орусияда “Пусси Райот” панк тобунун дагы бир мүчөсү Надежда Толоконникова мунапыска ылайык эркиндикке чыкты. Прокуратура өкүлдөрү билдиришкендей, ал жашы жете элек баланын энеси катары эмес, “бейбаштык” беренеси мунапыска киргизилгендиктен улам бошотулду. Анын алдында топтун башка мүчөсү Мария Алехина абактан чыккан.
“Дождь” телеканалына курган маегинде ал “мүмкүнчүлүгүм болсо мунапыстан баш тартмакмын” деп, аны президенттин гумандык ишарасы эмес, “маскаралоо” катары сыпаттады.
Алехина жана Толоконникова Мамлекеттик Дума өткөн аптада Конституциянын 20 жылдыгын утурлай жактырган мунапыска илинген. Алар Москванын Кафедралдык чиркөөсүндө Владимир Путинге каршы ыр аткарышканы үчүн былтыр августта 2 жылга эркинен ажыратылган.