Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:53

Керимбүбү Шопокова дүйнөдөн кайтты


23-декабрда Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова 97 жашында дүйнө салды. Ал Ата Мекендик согушта Москва шаарын коргоодо курман болгон кыргызстандык жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөкул Шопоковдун жары болгон.

Керимбүбү Шопокова союздун тушунда кант кызылчасынан мол түшүм алуу боюнча бир нече жылдар бою социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болуп, кийинчерээк Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. (ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG