Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Украин президенти демонстранттарга мунапыс берет


Жакында Евробиримдик менен биригүүнү колдоп митингге чыгып, кармалгандар мунапыс аркылуу бошотулат. Президент Виктор Янукович дүйшөмбүдө маалымат борборуна билдиргендей, 21-ноябрдан бери митингге чыгып кармалгандардын кылмыш иштери жабылып, камактагылар эркиндикке чыгарылат.

21-ноябрдан тарта Украинанын борбору Киевде жана башка шаарларда Еврошаркет менен биримдикти колдоочулар мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Митингчилердин саны айрым учурларда бир нече миңдеген кишилерге жетип, алар мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү талабын коюшкан.

XS
SM
MD
LG