Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстандагы коррупциялык схемалар талкууга алынат

“Кыргызстандагы коррупциялык схемалар. Жаралышы, бүгүнкү абалы жана жоюу жолдору” аттуу тегерек үстөлдү 24-декабрда “Элдик саясат” институту уюштурууда. Анда өлкөдөгү энергетика тармагындагы, мунай заттарын сатуудагы, кен иштетүүдөгү, жерди мыйзамсыз сатуудагы коррупция иштери жана саясий коррупциялык схемалардын күңгөй-тескейи талкууга алынып, коррупцияны жоюу боюнча элге берилген убаданын аткарылышы боюнча сөз болот.

Соңунда аткаруу бийлигине, парламентке жана жарандык коомго сунуштар кабыл алынмакчы.

Иш-чарага коррупциялык схемалар боюнча эксперттер, талдоочулар, серепчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана журналисттер катышат. (ZKo)
XS
SM
MD
LG