Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Мандатынан ажыратылган депутат шайлоо комиссиясын сотко берди


Ош шаардык кеңешиндеги “Замандаш” партиясынын депутаты Нурадил Жолдошов аны депутаттык мандаттан ажыраткан шаардык шайлоо комиссиясын сотко берүүдө. Бул тууралуу ал 23-декабрда журналисттерге маалымдады.

2012-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Замандаш” партиясынан шайланган Нурадил Жолдошов партия көздөгөн депутаттык коалицияга кирүүдөн баш тартып, “Улуттар биримдиги” партиясы менен чогуу коалиция түзгөн. Буга байланыштуу “Замандаш” партиясы депутатын кайра чакырып алуу үчүн Жолдошовду сотко берип, дээрлик бардык сот бутактары депутаттын пайдасына чечим чыгарып берген. Соңунда “Замандаш” партиясы депутатты чакырып алуу тууралуу чыгарган чечимин “саясий мүнөздө” деп белгилеген экс-депутат партия бул чечимин негиздеп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Ош шаардык кеңешинде “Улуттар биримдиги” партиясынан 21, КСДП 11, “Республика” 8, “Ата Мекен” 1, “Адилеттүү Кыргызстан” партиясы 2, ал эми “Замандаш” партиясынан 1 депутат бар. Жакында Ош шаарынын мэрин шайлоо өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG