Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

“Мусулман агайыңдар” уюму террордук деп таанылды


Египет өкмөтү уюмду террордук деп жарыялаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Премьер-министрдин өкүлү Хазам Баблави муну шейшембиде Мансур шаарындагы полиция участогунда бомба коюлган автоунаа жарылгандан кийин жарыя кылды. Жарылуудан кеминде 14 киши өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Өкмөт өкүлү кол салууга “Мусулман агайыңдар” уюмун айыптады.

Мухаммед Мурсинин бийликтен кулатылышы менен полиция участокторуна кол салуулар көбөйгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG