Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча өкүм өзгөрдү


Жогорку Соттун чечими менен полковник Шоноевдин өлүмү боюнча мурда чыгарылган өкүмгө өзгөртүү кирди. Баш прокуратуранын маалыматына караганда, Ош облустук прокуратурасы Жогорку Сотко кайрылып, буга чейин райондук жана облустук соттор чыгарган өкүм "жумшак" болуп калганын билдирген. Жыйынтыгында, облустук сот 30 жылга кескен Тилек Жапарбаев эми өмүрүнүн акырына чейин абакта отурмай болду.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев быйыл 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Кармалган беш кишинин баары тең күнөөлүү деп табылып, мүлкүнөн ажырап, өзгөчө режимдеги абакка 10, 20, 30 жылга кесилген. Аскарбек уулу Арипбек өмүрүнүн аягына чейинки жаза алган. Эми аны менен кошо мындай жазаны Тилек Жапарбаев да тартмакчы. (RK)

XS
SM
MD
LG