Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Кыргыз спортунун мыктылары аныкталды


Спорт тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты спортчу, машыктыруучу, дене тарбия кызматкерлерин аныктады. Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мыкты деп Айсулуу Тыныбекова аталды. Бокс боюнча Азия чемпиону болгон Азат Үсөналиев, дзюдочу Юрий Краковецкий, эркин күрөштөн Айбек Усупов, кайыкчылар Игорь Дорофеев, Максим Бондарь сый-урматка татыды. Мыкты машыктыруучу деп Адылхан Бекболотов, Шаарбек Бекболиев, Абдразак Шаршенов, Олег Роганов да мыкты аталды. Сыйлыкка олимпиадалык спорт түрүнө кирбегендерден да мыктылар аныкталды. Ал эми кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмалаган Кочкорбек Кулматов (күрөш), Бахадыр Кочкаров (футбол), Александр Ларионов (самбо),Касымылы Кадыралиев (эрежесиз таймаш) жана Эрлан Бекманбетов (тогуз коргоол) 2013-жылдын мыкты калыстары аталып, сый-урматка бөлөндү. (KMa)

XS
SM
MD
LG