Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Египеттин премьери "Мусулман агайыңдарды" террорчулар деп атады


Египеттин премьер-министри “Мусулман агайыңдар” кыймылын террордук уюм деп жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары жазышкандай, өкмөт башчы Хазем Беблавинини басма сөз катчысы бул тууралуу шейшембиде Мансура шаарында полиция бөлүмүнүн жанында дүрмөттөлгөн машина жарылгандан кийин билдирди.

Жардыруудан бери дегенде 14 киши мерт кетти, 100дөн ашууну жарадар болду. Полициянын имараты ураганы кабарланууда. Ошол эле маалда “Мусулман агайыңдары” бул кол салууну катуу айыптаган билдирүү жасады.

Ал эми премьер-министрдин пресс-катчысы карасанатайлык үчүн кыймылды айыптады. Алдыңкы күнү “Ансар Беит ал-Макдис” деген топ Египеттин коопсуздук күчтөрүн, армия колдогон секулярдык убактылуу өкмөттү жактагандыгы үчүн “каапырлар” деп атаган. Ал топ исламчыл президент Мухаммед Мурси июль айында бийликтен кулатылгандан кийин коопсуздук аскерлерин бутага алган кол салуулар үчүн айыпталып келатат.

XS
SM
MD
LG